• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

«Бириккен Элдик Кошуундардын» жана «Апрель Байрагы» коомдук бирикмесинин Кыргыз элине Кайрылуусу!

Коом 0

Кымбаттуу Кыргызстандыктар, Мекендештер!

2010-жылдагы Апрель революциясынан кийин ар-кандай талап тоноону, жер басып алууларды, улут аралык жаңжалдарды басууга, тартип орнотууга өз салымдарын кошуп, жарандык жана атуулдук милдеттерин аткарып, күч түзүмдөрү иштей албай турган учурда, Элдик Кошуундар (ДНД) түзүлүп, Кыргызстан элинин астында өз салымдарын кошушканы жалпыңыздарга маалым! 2010-жылы Кыргызстандагы баардык 20 ашык элдик кошуундар биригип, алгачкы жолу курултай өткөзүп, «Бириккен Элдик кошуундарды» (Союз Народных Дружин) түзүп, бир муштумга бириккенбиз!

Биз ошол күндөн тартып сүйүктүү мамлекетибиздеги ар-бир тарыхый окуяларга сары эсеп салып оюбузду билдирип келебиз!

17 коомдон бириккен элдик кошуундар ордо кеңешинин чечими менен президенттикке талапкер Сооронбай Шариповичтин талапкерлигин бир ооздон колдоого алдык! Себеби Сооронбай Шарипович баардык бийлик бутактарын басып өткөн. Азыр да өкмөт башчысы кызматын татыктуу аркалап келет жана өзүн көргөзө алды! Мамлекетибизге ак жолтой боло алган президентибиз Алмазбек Шаршеновичтин ишин татыктуу улап кетет деп терең ишенебиз!

Сооронбай Шариповичти жалпы Кыргыз Мамлекети деп жүрөгү соккон адам жана жалпы элдин башына кыйынчылык түшкөндө өзүн чыныгы мекенчил экенин иш жүзүндө көргөзө алган инсан катары жакшы билебиз. Эсиңиздерде болсо керек, 2010-жылы качкын президент Бакиев өз бийлигин сактап калуу максатында өлкөбүздүн Ош, Жалал-Абад жергесинде улут аралык жаңжал менен кан төгүп болсо дагы бийлигин сактап калуу аракетин көргөн. Ошол мезгилде Сооронбай Шарипович баштаган мамлекеттин келечегине кайдыгер карабаган мекенчил катардагы жарандар жердешчиликтен жалпы Кыргыз мамлекетинин келечегин туу тутуп, канкор Бакиевдин арам оюн болтурбай, Бакиев баштаган кылмыш дүйнөсүнүн адамдары менен кошулган куралчандарды астынан тосуп чыгып, мамлекеттин тынчтыгын сактап, кан төгүүнү тоткоткон салымын унутпайбыз.

Ошол өлкөбүздүн түштүк аймагындагы кандуу коогалаң учурунда анын андан ары өөрчүп кетүүсүнөн алдын ала турган, элди ынтымакка, биримдикке, тынчтыкка чакыра ала турган таасирдүү, патриот адам керек эле. Дал ошол адам – бул Сооронбай Шарипович болду. Ал бир жагынан облус жетекчиси катары, экинчи жагынан өз өлкөсүнүн бүтүндүгүн жана тынчтыгын каалаган патриот жаран катары, өз жанынын тынчтыгын ойлобостон, күндөп-түндөп тутанып, улам өрчүп бараткан өрттү өчүрүү менен алек болду. Кооптуу аймактарда калып калган студент жаш улан-кыздарды бошотуп алып чыгып, коопсуз жайларга жайгаштырды. Ошол эле убакта эки элдин ортосуна данакер болуп, ынтымакка чакырып жүрдү.

Ошол кандуу коогалаңдан кийин талкаланган шаарды, турак-жайларды кайра калыбына келтирүү маселеси курч эле. Анан дагы жакындарын жоготуп, сыздап калган, эч кимге ишеним артпаган мекендештерибиздин ишенимин кайтарып, кайгы-муңун бөлүшүп, кайрадан нормалдуу жашоого алып келүү милдети бар эле. Албетте, бул багытта атайын Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекция да иштеди. Бирок, ошол эле убакта Ош облусунун жетекчиси катары Сооронбай Шарипович да бул багытта зор эмгек жасады. Ал Ош облусун жетектеп турган беш жыл ичинде 190 жаңы өнөр жай ишканалары (чакан жана орто) ачылып, жаңы жумушчу орундары түзүлдү. Облус экономикасы стабилдүү темп менен өсүп отурду. Эгерде 2010-жылы Ош облусунун ИДПсынын көлөмү 20,4 млрд сом болсо, 2015-жылы 31,7 млрд сомго жетти. Демек реалдуу өсүүнүн темпи 155,4% түзгөн.

Сооронбай Шарипович улам жаңы бийиктиктерди багындырган сайын өзүн өтө жөнөкөй, элге жакын алып жүргөнү менен өзгөчөлүү. Ал өз мамлекети, эли үчүн чын дилинен күйөт. Ушул күнгө чейинки басып өткөн жолунда катардагы мугалимден тарта, колхоз-совхоздордун башкармалыгы, ЖКнын бир нече чакырылышын депутаты, министр, губернатор, Мамлекеттик кадр кызматынын башчысы, Президенттик аппараттын башчысынын биринчи орун басары сыяктуу кызматтык тепкичтерден өтүп, учурда өкмөт башчылыгын натыйжалуу аркалоодо. Демек, тажрыйба толук жетиштүү.

Бүгүнкү күнү Сооронбай Шариповичтей жалпы мамлекеттин камын көргөн адамдар мамлекет башында болушу учур талабы.

Кымбаттуу мекендештер! Урматту кыргыз эли! Баарыңыздарды президентикке талапкерликке Сооронбай Шариповичти колдооңорду чакырабыз!

  1. ОО «Апрель Байрагы» Доолаталиев. К
  2. ОО «Бириккен Элдик Кошуундар» Кылычов.А.З.
  3. ОО НД «Элдик Сакчы» Ирсалиев.К.М
  4. ОО ДНД «Патриот» Искаков Т.М
  5. ОО «Ала Тоо Бишкек» Сарногоев
  6. ОО «Мекен Учун» Оморов.С.
  7. ОО «Кырк Чоро» Жузубалиев.
  8. ОО «Элдик Кайрат» Сыдыков.Б
  9. ОО «Каркыра» Касымов.А
  10. ДНД «Ош Чоролор» Сатыбалдиев.У
  11. ОО «Люцтрация Судей» Маматкеримов.К
  12. ОО «Эл Дост Ордо» Жумалиев.С
  13. ОО «Орток Шамы» Нурмамбетов.Ж
  14. ОО «Корупцияга каршы» Досалиев.Б

Пикир

Оставить комментарий