• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ӨКМ: Аба ырайы чукул өзгөрөт

Коом 0

Бишкек, 14-июль /Кабар/. ӨКМ аба ырайынын чукул өзгөрүшүн эскертет.

Ведомствонун басма сөз кызматы билдиргендей, 14-июлдан 16-июлга чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт. Аймактарда жамгыр жаап, чагылган түшөт. Тоолуу райондордо каар жаап, абанын температурасы төмөндөйт.

Мындай туруксуз аба ырайы жолдордогу транспорттук кыймылдарды электр энергия, коммуналдык кызматкерлердин, байланыш мекемелеринин ишин татаалдантат. 14-15-июлда жаандын катуу жаашынан арыктарда суу толот.

Тоолуу жана тоого жакын жайгашкан аймактарда сел жүрүү коркунучу бар.

Пикир

Оставить комментарий