• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкек мэриясында "Иштиктүү кыргыз тили" темасында семинар болуп өттү

Коом 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Бишкек мэриясынын мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмү санитардык ченемдерди сактоо менен акимчиликтин кызматкерлери үчүн кайрадан кыргыз тилинде окутуу семинарларын өткөрө баштады. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, окутуу муниципалдык администрациянын жана райондук МАБдарынын кызматкерлерине өткөрүлдү.

Лингвистикалык тренинг абдан кызыктуу болуп, кызматкерлер иштиктүү иш кагаздарын түзүү стилин талдап, тажрыйбалары менен бөлүштү.

Ошондой эле “Кыргызтесттин” В2 ортодон жогору деңгээли боюнча маселе каралды.

Мамлекеттик тилди өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Элвира Ниязбекова кесиптештери менен тажрыйба бөлүштү.

Белгилей кетсек, окутуу КР өкмөтүнүн 2017-жылдын 21-ноябрындагы № 757 “Административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылардын жана муниципалдык кызматчылардын мамлекеттик тилди өзүнүн кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн керектүү көлөмдө билүү деңгээлин белгилөө жана аны мамлекеттик органдар менен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишине киргизүү мөөнөтү жөнүндө” токтомун аткаруу максатында өткөрүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий