• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстанда бир суткада 4 медиктен коронавирус аныкталды

COVID - 19 0

Бишкек, 08.02.22. /Кабар/. Кыргызстанда бир сутка ичинде коронавирус жуктуруп алган төрт медициналык кызматкер катталды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, Бишкекте – 2, Ысык-Көлдө – 1, Чүйдө – 1 учур аныкталган. Жалпысынан республика боюнча COVID-19 диагнозу менен медициналык кызматкерлер арасында – 7 723 учур катталды. Алардын ичинен бир суткада стационардан – 9, үй карантининен – 19 медициналык кызматкер айыгып чыкты.

Жалпысынан республика боюнча – 7 293 медициналык кызматкер айыкты.

Пикир

Оставить комментарий