• 88.68
  • 95
  • 0.95

Түркүн түскө боёлгон Бишкектеги жаз — жоогазындын ажайып сүрөттөрү

Коом 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Бишкекте алгачкы жоогазын гүлдөрү гүлдөдү. Муниципалитет ажайын сүрөттөрдүн түмөгүн сунуштады.

Белгилей кетсек, күзүндө "Бишкекжашылкурулуш" муниципалдык ишканасынын кызматкерлери 170 миң жоогазын көчөттөрүн отургузган.

Жакында жоогазын гүлдөрү Курманжан Датканын эстелигинин айланасында, Кыргыз улуттук филармониясында, Түштүк магистралда, Жумабек менен Ибраимов көчөлөрүнүн кесилишинде, Гоголь көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишинде, Масалиев көчөсүндө, Өкмөттүк, Театрдык жана Эмгек Даңкы скверлеринде, Свердлов райондук администрациясынын жанында, Эмен, Ынтымак, Жеңиш парктарында жана Каражыгач токоюнда, ошондой эле Жаштар аллеясында ачылат.



Белгилей кетсек, жоогазындар гүлдөп бүтөрү менен, баштары кылдаттык менен казылып алынып, кургатылып, кийинки күздө кайрадан гүлзарларга отургузулат.

Пикир

Оставить комментарий