• 88.68
  • 95
  • 0.95

Балбандардын Олимпиадага жолдомо алуу мүмкүнчүлүгү жогору — Турганбаев

Спорт 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Бишкекте 19-21-апрель күндөрү Париж Олимпиадасына жолдомо берген квалификациялык турнир өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, лицензиялык турнирге Азия чөлкөмүндөгү 30 мамлекеттен спортчулардын катышуусу күтүлүүдө.

"Кыргызстандык балбандар Ысык-Көлдө жана Россияда машыгуудан ийгиликтүү өтүп келишти. Алардын Олимпиада оюндарына лицензия утуп алуу мүмкүнчүлүктөрү жогору", - деди ал.

Ошондой эле Турганбаев турнирдин алкагында 18-апрелде "Хаят" мейманканасында 2023-жылдын жыйынтыгын чыгарган чоң азиялык жыйын өтөрүн кошумчалады. Жыйында Азия мамлекеттеринин күрөш жаатында 2023-жылынын жыйынтыгы чыгарылып, быйылкы Олимпиада оюндарынын алдында жана андан кийинки иш-чаралар талкууланат.

"Жыйынга Азия күрөш федерациясынын президент Даулет Турлыханов (Казакстан), Дүйнөлүк бириккен күрөш уюмунун башчысы Ненад Лалович баштаган жетекчилер, ошондой эле лицензиялык турнирди көрүү үчүн келген коноктор, Олимпиада жана Азия чемпиондору катышат", - деди Турганбаев.

Пикир

Оставить комментарий