• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Айсулуу Тыныбекова жаратына байланыштуу Бишкектеги Азия чемпионатына катышпайт

Спорт 0

Бишкек, 16.02.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Аялдар эркин күрөшү боюнча эл аралык класстагы спорт чебери, Азиянын эки жолку чемпиону Айсулуу Тыныбекова жаратына байланыштуу Бишкектеги күрөш боюнча Азия чемпионатына катышпайт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине КРнын спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Алардын маалыматы боюнча, спортчу 2017-жылдын жайында Польшадагы эл аралык турнирде ийнинен жарат алган. Учурда ал калыбына келүүдө.

Тыныбекова машыктыруучулар штабына жана устаты Нурбек Изабековго көмөк көрсөтөт.

Кыргызстандын курамасынын аялдар тобуна эркин күрөш боюнча беш спортчу кирген.

Мелдештер 27-февралдан 4-мартка чейин Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтөт. Ага дүйнөнүн 38 өлкөсүнөн спортчулар катышат.

Программада – чоңдор арасында эркин, грек-рим жана аялдар күрөшү боюнча турнирлер камтылган. 30 комплект сыйлык ойнотулат.

Пикир

Оставить комментарий