• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Ислам Кенжебаев Казакстанда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште коло медаль жеңди

Спорт 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Кыргызстандык спортчу Ислам Кенжебаев Казакстанда өткөн бокс боюнча эл аралык мелдеште коло медаль жеңди. Бул тууралуу казакстандык ЖМКлар билдирет.

Мелдеш дем алыш күндөрү Казакстандын Актөбе шаарында өттү.

Кыргызстандык боксчу 60 кг чейинки салмакта катышкан. Ал үч беттеш өткөрүп, экөөсүн жеңип алган. Финалга чыгуучу таймашта А. Шукеловго утулуп калган. Жыйынтыгында Кенжебаев үчүнчү катарга илинип, коло медалга ээ болгон.

Пикир

Оставить комментарий