• 88.57
  • 95.33
  • 0.97

Каныбек Жолчубеков Азия чемпионатында “коло” медаль утту

Спорт 0

Бишкек, 28.02.18. /Кабар/. Грек-рим стили боюнча мушкер Каныбек Жолчубеков (60 кг чейин) Бишкекте өтүп жаткан Азия чемпионатында коло медаль утту.

Үчүнчү орунга болгон кармашта кыргызстандык мушкер Ирандан келген спортчуну 10:3 эсебинде жеңген. Дагы бир “коло” медалды Өзбекстандык спортчу И.Бахрамов багындырды.

Бул салмактык категория боюнча 1-орунду Япониялык өкүл Шинобу Ото багындырган, ал Түндүк Кореялык атаандашын жеңген.

Эсе сала кетсек, Азия чемпионаты 27-февралда Бишкектеги Каба уулу Кожомкул атындагы спорт сарайында башталган, 4-мартта жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий