• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстандык спортчу Абу-Дабиде өткөн эл аралык турнирде коло утту

Спорт 0

Бишкек, 07.03.18. /Айжамал Дуйшоева - Кабар/. Кыргызстандык Айваз Оморканов БАЭ өткөн триатлон боюнча эл аралык ITU World Triathlon Abu Dhab 2018 турниринде коло медаль утту. Бул тууралуу КРнын спорттун аталган түрү боюнча федерациясынан кабарлашты.

Турнир 2-3-март күндөрү Абу-Дабиде (БАЭ) өттү. Ага 86 мамлекеттен келген 2 миң 500гө жакын спортчу катышты.

Кыргызстандын атынан турнирге 13 спортчу барган, алардын ичинен сегизи триатлонго бринчи жолу катышып жаткандар.

Айваз Оморканов мыкты жыйынтык көрсөттү. 2 саат 49 мүнөттүк жыйынтык менен өзүнүн жаш курагы боюнча топто коло медалды багындырган.

Пикир

Оставить комментарий