• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Тарых музейин жана ат майданын оңдоп-түзөө иши: Отурум уланууда

Укук тартиби 0

Бишкек, 12.11.19. /Кабар/. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунда Тарых музейин жана Чолпон-Ата шаарындагы ат майданын реконструкциялоо иши боюнча кезектеги соттук отурум өтүүдө.

Сотто судья Марат Сыдыков төрагалык кылууда.

Күбөлөрдөн сурак алуу уланууда. Учурда Тарых музейинин кызматкери Нурхат Иманкулова көрсөтмө берүүдө.

Анын айтуусу боюнча, музейди ондоп-түзөө иштеринин төлөмү 2013-жылы президент жактыргандан кийин башталган. Иманкулова билдиргендей, ал өзү экспонаттардын тизмесин даярдап, түрк тарап менен иш алып барган. Ал эми немис адистер менен 2015-жылдан баштап иштеген.

“Биздин жумушка эч ким киришкен эмес. Мен немистерге техникалык тапшырмаларды берип, алар толук аткарылып келген. Жумуш дүйнөлүк стандарттарга жооп берет”, - дейт Иманкулова.

Күбө билдиргендей, дүйнөлүк тажрыйба боюнча музей курууга жылдар кетсе, бул жакта план 4 айдын ичинде аткарылган.

“Биз коюлган тапшырманы аткарыш үчүн күнү-түнү уктабастан иш аткардык. Бардык чогулуштар штабда президенттин аппаратынын өкүлдөрү ж.б. катышуусу менен өтүп жатты. Ошондой эле биз экспонаттарды кайтаруу үчүн ар бир кабатка күзөтчү коюуну сурандык. Ушундай тартипте иштер аткарылган”, - деди ал.

Эскерте кетсек, УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Мамлекеттик тарых музейинин реконструкциясы боюнча Сапар Исаковго КР Кылмыш кодексинин 303-беренесинин 2-бөлүгү (оор жагдайларды жараткан коррупция) боюнча айып таккан.

Мамлекетке жалпысынан 247 млн. сомдук зыян келтирилгени айтылат – тарых музейин оңдоп-түзөөдөн 101,6 млн. сом жана ат майданы боюнча 145,9 млн. сом.

Пикир

Оставить комментарий