• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте фашизмге айыпталган өспүрүмдөр милицияга жеткирилди

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Бишкекте милиция фашисттер кыргыздарды сабап жатат делген видеодогу балдарды издеп тапты.

Бишкек шаардык милициясынан билдиришкендей, аталган факт Октябрь райондук милициясынын маалыматтарды каттоо журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иштери башталды.

Бишкек ШИИББнин Экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан видеодогу балдардын бардыгы аныкталып, тергөө кызматына жеткирилди. Алар 2008-жылы туулган О.Р., 2006-жылы туулган С.Б. жана С.Г. болгон.

Өспүрүмдөр мыйзамдуу өкүлдөрүнүн катышуусунда суралып, түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий