• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кулубаев менен Япония ТИМнин парламенттик вице-министри кызматташтыкты талкуулашты

Аймак 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Кыргызстандын тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев Япониянын Тышкы иштер министрлигинин парламенттик вице-министри Юуми Ёсикава айымды кабыл алды. Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришти.

Жолугушууда Жээнбек Кулубаев эки тараптуу мамилелердин прогрессивдүү өнүгүп жаткандыгына жана салттуу достук байланыштарга негизделген жигердүү саясий диалогдун сакталып жатканын канааттануу менен белгиледи.

Кыргызстан Япония менен кызматташууга өзгөчө маани берери, Япония менен кызматташуу өлкөнүн негизги артыкчылыктарынын бири экендигине көңүл бурду.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар эки өлкөнүн саясий, соода-экономикалык, инвестициялык жана башка тармактарда өз ара аракеттенүүсүн мындан ары да бекемдөө максатында бийик жана жогорку деңгээлдеги сапарларды уюштурууга биргеликте күч-аракет жумшоого макулдашышты.

Жээнбек Кулубаев “Борбордук Азия + Япония” диалогунун форматында, биринчи кезекте, экономикалык өз ара байланыштарды, транспорттук логистика менен экология чөйрөсүндөгү аймактык кызматташтыкты тереңдетүүнүн маанилүүлүгүн белгиледи.

Тараптар көп тараптуу форматтагы өз ара аракеттенүүнүн маанилүүлүгүн баса белгилешти, ошондой эле эл аралык күн тартибиндеги актуалдуу маселелерди, аймактык коопсуздук маселелерин жана Афганистандагы учурдагы кырдаалдын өнүгүшүн талкуулашты.

Жолугушуунун соңунда тараптар кыргыз-япон мамилелеринин эки тараптуу жана көп тараптуу күн тартибиндеги актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу кызматташууну мындан ары тереңдетүүгө болгон жалпы ниетин ырасташты.

Мындан тышкары, Япониянын Тышкы иштер министринин парламенттик вице-министри Юуми Ёсикава менен КР тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиевдин ортосунда сүйлөшүүлөр болуп, анын жүрүшүндө тараптар эки тараптуу кызматташуунун жыйынтыгы боюнча жетишилген макулдашууларды ишке ашыруу, ошондой эле быйылкы жылга пландаштырылган ар кандай иш-чаралар боюнча жана бийик, жогорку деңгээлдеги иш сапарлар боюнча пикир алышты.

Пикир

Оставить комментарий