• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кыргызстан Үрүмчүдө өтө турган ЭКСПО "Кытай – Евразия" көргөзмөсүнө катышат

Экономика 0

Бишкек, 02.08.23. /Кабар/. Экономика жана коммерция министрлиги “Кытай-Евразия” көргөзмөсүнүн алкагында ата мекендик товарлардын көргөзмөсүн даярдоодо. Бул тууралуу ведомстводон билдиришти.

Маалыматка ылайык, көргөзмө 17-августунан 21-августуна чейин Кытайдын Үрүмчү шаарында өтөт. Ага Кыргызстандын министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров катышты.

Улуттук көргөзмө павильонун уюштуруу Кыргызстандын ата мекендик продукциясын КЭРде жайылтууга багытталган жана анда Кыргызстандын 30 айыл чарба, тамак-аш жана жеңил өнөр жай ишканаларынан, ошондой эле курулуш материалдарын өндүрүүчүлөрдөн жана башкалардан 140тан ашык продукция көрсөтүлөт. Кыргыз Республикасынын 80ден ашык бизнес өкүлдөрүнүн катышуусу пландаштырылууда.

Ошондой эле иш-чарада энергетика, туризм тармагындагы келечектүү инвестициялык долбоорлор, муну менен катар Кыргыз Республикасынын экспортко багытталган улуттук компанияларынын мүмкүнчүлүктөрү көрсөтүлөт.

Анын алкагында Кыргызстандын продукциясын импорттоо боюнча келишим түзүүгө кызыкдар Кытайдын ишкер чөйрөлөрүнүн өкүлдөрүнө ар тараптуу консультация берилет.

Ошондой эле иш-чаранын алкагында кыргыз-кытай бизнес-форумун өткөрүү пландалып, ага Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик жогорку даражалуу өкүлдөрү жана бизнес чөйрөсүнүн негизги өкүлдөрү катышат.

Жогорудагы иш-чараларга Кыргызстандын бизнес жана мамлекеттик органдарынын өкүлдөрүнүн катышуусу кытай тарап менен кызматташууну өнүктүрүүгө жана кыргыз продукциясын Кытай Эл Республикасына экспорттоого көмөктөшүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.

Маалымат үчүн: ЭКСПОго Евразия чөлкөмүнүн 32 өлкөсүнөн 3 миңден ашык ишканалардын катышуусу күтүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий