• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

КР муфтийинин Екатеринбург шаарына сапары башталды

Коом 0

Бишкек, 16.02.18 /Кабар/. Бүгүн, Кыргызстан мусулмандарынын Азирети муфтийи Максатбек ажы Токтомушев Орусия Федерациясынын Екатеринбург шаарына болгон иш сапары башталып, таң эрте аэропортко келип конду.

Муфтияттын басма сөз кызматы билдиргендей, конокторду КРнын Екатеринбург шаарындагы генералдык консулу Салимжанов Бообек, РФнын Свердлов областык мусулмандар башкармалыгынын башчысы Мухитдинов Артур жана КМДБнын Орусия Федерациясынын Урал, Сибирь жана Алыскы чыгыш аймагындагы өкүлү Жусубалиев Сүйүмбек жылуу тосуп алышты.

Азирети муфтийдин иш сапарынын алкагында бүгүн 16 февраль күнү Орусия Федерациясынын Свердлов областынын губернатору жана Свердлов обласытык мыйзам чыгаруу думасынын төрагасы менен жолугушуусу күтүлүүдө.

Ошондой эле Екатеринбург шаарындагы «Верхняя Пышма» шаарчасындагы "Бухари" атындагы мечитинде жумага келген мусулман бир туугандарга баян кылып, жума намазын окумакчы. Андан соң Екатеринбург шаарындагы биздин Кырызстандык жарандарыбыз менен жолугушуп, алардын кызыккан суроолоруна жооп бермекчи.

Эскерте кетсек Орусия Федерациясынын Муфтийлер Кеңеши жана Кыргызстан Мусулмандарынын Дин Башкармалыгы тарабынан эки тараптуу кызматташуу боюнча кол коюлган меморандумдун алкагында уюштуруган иш сапар 18-феваль күнү жыйынтыкталат.

Пикир

Оставить комментарий