• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ИИМ: Москвадагы кыргызстандыктарга түшүндүрүү жана алдын алуу иштери жүргүзүлүүдө

Коом 0

Бишкек, 06.10.21. /Кабар/. Ички иштер министрлигинин Россиядагы өкүлчүлүгү Москва шаарынын аймагында жүргөн кыргызстандыктар арасында түшүндүрүү жана алдын алуу иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, 2-октябрда Москвадагы спорт залдарда машыккан кыргызстандыктар менен жолугушуу уюштурулду. Спортчулар менен жолугушуу жана маектешүү учурунда ИИМдин кызматкерлери келген өлкөнүн мыйзамдарын сактоо зарылчылыгы жөнүндө эскертишип, кылмыштарды жана укук бузууларды жасоо үчүн жоопкерчилик каралганын эскертишти.

“Эки же андан көп административдик укук бузуулар үчүн мигранттар “кара тизмеге” кирип, өлкөдөн чыгарылып калышы мүмкүн. Айрым жарандар баңгикаражаттарын, психотроптук заттарды же алардын аналогдорун мыйзамсыз сатуу же өткөрүп берүү аракеттерин жасаган учурлары катталып жаткандыгы жөнүндө кабардар болушту”, - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Москвадагы “Кузьминки” метросунун жанында болгон улуттар аралык жаңжалга катышкан адамдарга карата аймактык укук коргоо органдары тарабынан көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө маалымат берилди.

Пикир

Оставить комментарий