• 88.68
  • 95
  • 0.95

Омск техникалык университетининин адистери Кыргызстанда абитуриенттерди кабыл алуу сынагын жүргүзөт

Коом 0

Бишкек, 29.01.24./Кабар/. Жогорку Кеңештин депутаттары Айбек Маткеримов менен Марлен Маматалиев иш сапары менен Россиянын Омск мамлекеттик техникалык университетинде болду.

Парламенттен билдиришкендей, эл өкүлдөрү окуу жайдын ишмердүүлүгү менен таанышты. Ошондой элеалар окуу жайдын жетекчилиги жана окутуучулар жамааты менен баарлашып, билим берүү жаатындагы кызматташтыкты кеңейтүү, анын ичинен тажрыйба алмашуу жана кыргызстандык студенттерди окутуу маселелерин талкуулашты.

Муну менен катар жолугушууда аталган окуу жайдын адистери Кыргызстанга келип, абитуриенттерди кабыл алуу сынагын жүргүзөрү айтылды. Андан тышкары, депутаттар жергиликтүү кыргыз диаспорасы тарабынан уюштурулган китеп көргөзмөсүнө күбө болушту. Ошондой эле кыргыз киносунун күндөрүнө катышты.

Депутаттар уюштурулган иш-чарага жогору баасын берип, чет өлкөдө жашаган мекендештер арасында улуттук баалуулуктарды унут калтырбай, ала жүрүү өтө маанилүү экенин кошумчалашты.

Пикир

Оставить комментарий