• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ЮНИСЕФ Кыргызстандын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине 25 чоң чатыр тапшырды

Коом 0

Бишкек, 29.01.24. /Кабар/. ЮНИСЕФ Кыргызстандын Өзгөчө министрлигине жалпы баасы 4,5 млн сомдон ашуун 25 чоң чатырды тапшырды. Аларды жаш балдарды окутуу, тамактануу же саламаттыкты сактоо боюнча убактылуу кызмат көрсөтүүчү, же адамадарды убактылуу жайгаштыруучу жай катары колдонсо болот. Бул тууралуу ЮНИСЕФтен билдиришти.

Чатырларды тапшыруу аземи Ош шаарында өтүп, ага өзгөчө кырдаалдар министринин биринчи орун басары Азамат Мамбетов жана ЮНИСЕФтин Кыргызстандагы өкүлүнүн милдетин аткаруучусу Кристина Бруджиоло катышты.

Чатырлардын жылуу жана суук аба ырайы шарттарына ылайыктуу эки түрү бар.Чатырлардын өлчөмдөрү 72 жана 42 чарчы метрди түзөт. Андан тышкары, ЮНИСЕФ пол төшөө катары колдонула турган брезент жана өзгөчө кырдаалдар убагында колдонулуучу санитардык шаймандарды берди.

"Тилекке каршы, биз бардык кырсыктарды алдын ала албайбыз. Бирок аларга даярдык аркылуу алардын терс кесепеттерин жеңилдетсек болот. Бул жабдуулар Кыргызстандын өзгөчө кырдаалдарга чара көрүү жана калкты, өзгөчө жаш балдарды, коргоо мүмкүнчүлүктөрүн күчөтөт деп ишенебиз", - деп белгиледи Кристина Бруджиоло.

Пикир

Оставить комментарий