• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Бишкектин бир районуна 50дөн ашык камера орнотулат

Коом 0

Бишкек, 31.01.23. /Кабар/. Бишкектин Биринчи май районунун аймагында бетти таануу жана алыстан кол менен башкаруу мүмкүнчүлүгү бар 50дөн ашык камера орнотулат.

Шаардык мэриянын маалыматына ылайык, учурда Эркиндик бульварында видеобайкоо камераларын монтаждоо иштери башталды.

Чүй проспектиси, Киев, Токтогул жана Чокморов көчөлөрүндөгү бульвардын төрт кесилиши атайын жабдуулар менен жабдылат. Кесилиштерде орнотулган камералар күнү-түнү иштейт.

Камераларды орнотуунун максаты – жарандардын коопсуздугу жана тартипти сактоо.

Пикир

Оставить комментарий