• 88.68
  • 95
  • 0.95

Казакстандан мыйзамсыз ташылып келе жаткан 180 кг тоют артка кайтарылды

Коом 0

Бишкек, 29.01.24./Кабар/. Казакстандан Кыргызстандын аймагына малдын тоютун мыйзамсыз алып өтүүгө аракет кылышкан. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинене билдиришти.

Ведомствонун маалыматына караганда, 180 миң кг малдын тоютун мыйзамсыз алып өтүү аракети Ветеринардык кызматтын "Ак-Тилек" чек ара көзөмөлдөө пунктунун инспекторлору тарабынан аныкталган.

Тактап айтканда, текшерүүдө жүктүн ветеринардык коштомо документи жок экендиги жана ЕАЭБдин ветеринардык-санитардык талаптары сакталбагандыгы аныкталган.

Инспекторлор тарабынан тиешелүү артка кайтаруу актысы түзүлүп, жүк "Ак-Тилек" көзөмөл өткөрүү жайы аркылуу Казакстан Республикасына артка кайтарылды.

Пикир

Оставить комментарий