• 88.66
  • 94.91
  • 0.96

Бакуда кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын актуалдуу маселелери талкууланды

Саясат 0

Бишкек, 29.01.24./Кабар/. Кыргызстандын Азербайжандагы элчиси Кайрат Осмоналиев Азербайжандын тышкы иштер министринин орун басары Самир Шарифов менен жолугушту.

КР ТИМден билдиришкендей, жолугушуунун жүрүшүндө кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын актуалдуу маселелери кеңири талкууланды.

Маектештер алдыдагы жогорку жана бийик деңгээлдеги биргелешкен иш-чаралардын жана визиттердин графигин, Кыргызстан менен Азербайжандын ортосундагы келишимдик-укуктук базаны кеңейтүү мүмкүнчүлүктөрүн жана эки тараптуу соода-экономикалык мамилелерди тереңдетүү перспективаларын талкуулашты.

Ошондой эле эки өлкө ортосундагы достукту жана кызматташтыкты бекемдөөгө багытталган долбоорлорду ишке ашыруу маселелери каралды.

Жолугушуунун жыйынтыгы боюнча тараптар эки тараптуу мамилелерди мындан ары тереңдетүү максатында өз ара колдоо көрсөтүүгө даяр экендигин ырасташты.

Пикир

Оставить комментарий