• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Элчи Улукбек Марипов Египеттин президентине ишеним грамотасын тапшырды

Саясат 0

Бишкек, 18.12.23. /Кабар/. Күн мурун резиденциясы Эр-Рияд шаарында жайгашкан Кыргызстандын Египеттеги элчиси Улукбек Мариповдун Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сисиге ишеним грамотасын тапшыруу аземи өттү. Бул тууралуу КР Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Салтанаттын жүрүшүндө Улукбек Марипов президент Абдель Фаттах Ас-Сисиге жана Египет элине Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровдун саламын жана жылуу каалоолорун жолдоду.

Элчи ипломатиялык миссиясынын жүрүшүндө эки дос өлкөнүн ортосундагы түрдүү тармактардагы мамилелерди кеңейтүү жана тереңдетүү боюнча Кыргызстандын президенти тарабынан коюлган тапшырмаларды ишке ашыруу үчүн бардык күч-аракетин жумшай тургандыгына ишендирди.

Президент Абдель Фаттах Ас-Сиси менен болгон баарлашуу учурунда, мүмкүнчүлүктөн пайдаланып, У. Марипов Египет элин өлкөнүн ички саясий турмушу үчүн маанилүү болгон президенттик шайлоону ийгиликтүү өткөрүп жатканы менен куттуктады.

Мындан тышкары, элчи Египеттин өкмөтүнө Кыргызстандын министрлер кабинетинин атынан Газа тилкесинен Кыргыз Республикасынын төрт жаранын ийгиликтүү эвакуациялоого көрсөткөн жардамы үчүн ыраазычылык билдирди.

Жолугушууда Марипов египеттик тарап менен саясий байланыштарды мындан ары активдештирүүгө, соода-экономикалык, маданий-гуманитардык кызматташтыкты өнүктүрүүгө кыргыз тарабы өз ара кызыкдар экенин, кыргыз-египет өкмөттөр аралык кызматташуу комитетин түзүү, ошондой эле түз аба каттамдарын ачуунун зарылдыгын белгиледи.

Өз кезегинде Египеттин президенти Абдель Фаттах Ас-Сиси дагы Кыргызстандын мамлекет башчысы Садыр Жапаровго жана Кыргызстан элине саламын жана жылуу каалоолорун жолдоду.

Президент Абдель Фаттах Ас-Сиси жолугушууда кыргыз-египет кызматташтыгын мындан ары өнүктүрүү боюнча У. Марипов тарабынан айтылган бардык сунуштарды колдоо менен аны Кыргызстандын Египеттеги элчиси кызматына дайындалышы менен куттуктап, анын дипломатиялык миссиясына жемиштүү иштерди жана ийгиликтерди каалады.

Пикир

Оставить комментарий