• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Бишкекте кыргыз-индия Өкмөттөр аралык комиссиянын биргелешкен отуруму өтөт

Саясат 0

Бишкек, 23.12.19. /Кабар/. Бишкек шаарында Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-индия Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги биргелешкен отуруму өтөт. Бул тууралуу Кыргызстандын Индиядагы элчилигинин басма сөз кызматынан кабарлашты.

Алардын маалыматына караганда, 2019-жылдын 20-декабрында КРнын Индиядагы элчиси А.Исаев Индиянын соода жана өнөр жай министри Пиюш Гоял менен жолугушкан.

Жолугушуyнун жүрүшүндѳ тараптар соода-экономикалык кызматташуу жаатындагы жылдын алдын-ала жыйынтыгы, ошондой эле кийинки жылга пландар тууралуу сѳз кылышты.

Министр Пиюш Гоял бул жыл эки тараптуу иш-чараларга бай болгонун айтып, Кыргыз Республикасынан импортко чыгарууга мүмкүн болгон бир катар товарларды баса белгилеп ѳттү.

Тараптар Соода-экономикалык, илимий-техникалык жана маданий-гуманитардык кызматташуу боюнча кыргыз-индия Өкмөттөр аралык комиссиянын кезектеги отурумун кийинки жылдын биринчи чейрегинде Бишкек шаарында өткөрүүнү макулдашышты. Министр Пиюш Гоял Индия делегациясын ѳзү жетектеп барууга кызыкдар экенин билдирген.

Пикир

Оставить комментарий