• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

ТИМде Япония ТИМинин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү менен жолугушуу өттү

Коом 0

Бишкек, 29.01.24./Кабар/. Бүгүн, 29-январда тышкы иштер министринин орун басары Айбек Молдогазиев Япониянын Тышкы иштер министрлигинин Борбор Азия өлкөлөрү боюнча атайын өкүлү - элчи Масаки Икегами менен жолугушту.

Кыргызстандын тышкы саясий ведомствосунан билдиришкендей, тараптар президент Садыр Жапаровдун Японияга сапарынын жыйынтыгы боюнча келишимдерди ишке ашыруу боюнча пикир алмашып, ошондой эле актуалдуу маселелер боюнча эки тараптуу өз ара аракеттенүүнүн келечегин талкуулашты.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптарды кызыктырган учурдагы регионалдык жана эл аралык маселелер боюнча пикир алмашуу болду.

Тараптар ошондой эле "Борбордук-Азия + Япония" диалогунун алкагында иш-чараларды жогорку деңгээлде өткөрүү маселелерин талкуулашты.

Пикир

Оставить комментарий