• 88.68
  • 95
  • 0.95

Аксыда баңгизат саткан жаран кармалып, унаасынан 1 кг жакын гашиш табылды

Коом 0

Бишкек, 29.01.24./Кабар/. Аксы районунда баңгизат саткан жаран кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, ушул жылы 9-январда райондун аймагында "Ф" аттуу жаран баңгизатын мыйзамсыз жүгүртүү менен алектенип жүргөндүгү тууралуу маалымат түшкөн.

Маалымат каттоого алынып, жүргүзүлгөн ыкчам-тергөө иш аракеттеринин натыйжасында Кыргызстандын аймагы аркылуу Таджикистандан Өзбекистанга баңгизатын ташуу менен алектенип жүргөн 34 жаштагы Н.Ф. аттуу жаран аныкталган.

ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынын кызматкерлери тарабынан Н.Ф. аттуу жаран кармалып, анын унаасынан 931 грамм гашиш баңгизаты табылган.

Аталган факты боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси ("Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо") менен кылмыш иши козголуп, кармалган адам Аксы РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Учурда мыйзам талабына ылайык тийиштүү тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Пикир

Оставить комментарий