• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Эртең "Коопсуз шаардын" жаңы камералары ишке кирет – көчөлөрдүн тизмеси

Коом 0

Бишкек, 06.05.19. /Кабар/. Бишкекте 7-майдан тарта "Коопсуз шаар" долбоорунун кезектеги аппараттык-программалык комплекстери ишке кирет. Бул тууралуу Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин басма сөз кызматы билдирди.

Долбоордун алкагында камералар дагы тогуз көчө кесилишинде иштей баштайт.

Камералар орнотулган даректер:
- Бөкөнбаев – Манас;
- Чүй – Манас;
- Чүй – Павлов;
- Жибек Жолу - Манас;
- Махатма Ганди - Боталиев;
- Жибек Жолу – Курманжан Датка;
- Ахунбаев - Байтик Баатыр;
- Чүй - Абдрахманов;
- Байтик Баатыр - М. Горький.

Эскерте кетсек, долбоордун биринчи баскычында 110 аппараттык-программалык комплекс ишке кирет: Бишкекте – 42, Чүй облусунун жолдорунда – 48 жана 20 көчмө комплекс.

Пикир

Оставить комментарий