• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЮНИСЕФ: Иракта 100 миңдеген балдар селден улам таза сууга жана санитардык жардамдарга муктаж

Дүйнө 0

Бишкек. 06.05.19 /Кабар/. ЮНИСЕФтин маалыматы боюнча, Иракта селден улам 100 миңдеген балдар таза сууга жана санитардык жардамдарга чукул муктаж.

Өлкөдө нөшөрлөп жааган жаандын натыйжасында сел жүрүп, бир нече аймактарды каптап, айрыкча Мисан провинциясына зыян келтирген.

Бул жаратылыш кырсыгына байланыштуу ЮНИСЕФтин Ирактагы өкүлү Хамида Ласко мындай деп билдрген:

– ЮНИСЕФ толук иш убактысын селден жабыркаган балдарга бөлүп, аларга санитардык жардамдарды, ошондой эле алгачкы муктаждыктарын берип жатышат. Учурда ар кандай оорулардын тарап кетүү коркунучу менен күрөшүүдөбүз жана бардык коомдорду селден жабыркаган ирактык балдарга көмөк көрсөтүүлөрүнө көңүлдөрүн бурабыз.

Маалым болгондой, нөшөрлөгөн жаандын айынан Ирак менен Иранды сел каптап, бир катар эл жашаган аймактарга зыян келтирген.

Пикир

Оставить комментарий