• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Эл аралык авиакаттамдарды калыбына келтирүү. Саламаттык сактоо министрлиги кошумча чараларды көрөт

Коом 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Эл аралык авиакаттамдарды калыбына келтирүүнүн алкагында Кыргызстандын аэропортторунда кошумча санитардык-карантиндик чаралар көрүлөт. Бул тууралуу “Кабар” агенттигине саламаттык сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.

Анын айтымында, иш-аракеттер алгоритми азырынча бекитиле элек, бул маселе бүгүн каралат.

“Биз кошумча санитардык-карантиндик чараларды көрөбүз. Аэропорттордо буга чейин кошумча тепловизорлор орнотулушу керек эле. Биз аэропорттордун даярдыгын текшеребиз”, - деди ал.

Үсөнбаев кошумчалагандай, эгерде жандандыруу иштери акырындык менен жүргүзүлсө, анда обсервациялар пайдаланылат.

Белгилей кетсек, эл аралык авиабилдирүүлөрдү 15-июндан тарта жандантуу пландалууда. Ал эми ички авиакаттамдар эртеңден тарта өз ишин баштайт.

Пикир

Оставить комментарий