• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

“Кабар” МАБ: Коопсуздуктун жаңы коркунучу. Жалган маалыматты кантип таанууга жана каршы турууга болот?

Аналитика 0

Дүйнө алмашып, санарип мейкиндигине өттү. Азыркы чакырыктар жана коркунучтар санарип түргө ээ болду. Кыргызстан да санарипке өтүүдө. Санарип технологияларды киргизүү менен бирге коопсуздук жагын да эске алуу керек.

“Бүгүн интернет деструктивдүү идеяларды таратуунун аянтчасы болду. Учурда бир жерге адамдарды жөнөтүүнүн зарылдыгы жок. Абалды туруксуздаштыруу үчүн бир аймакка радикалдуу жана экстремисттик мазмундагы маалыматтарды жайылтуу жетиштүү. Дүйнөдө киберкоопсуздукка көп көңүл бурула баштады. Учурда интернеттин орду чоң. Хакердик чабуул, стратегиялык сайттарды бузуудан тышкары, деструктивдүү күчтөр Facebook, Twitter, Instagram сыяктуу таанымал социалдык тармактарды колдонушат. Киберкоопсуздукка көңүл буруу керек. Кыргызстанда тыштан болгон коркунучтарга ыкчам жооп бере ала турган компетенттүү кадрлары болушу керек. Эл арасында маалымдоо иштерин арттыруу керек”, - дейт санарип коркунучтар борборунун санарип страгетиялык тармагынын эксперти Сергей Столярчук (Казан шаары).

Былтыр Кыргызстанда террористик жана экстремисттик маанайдагы маалыматтарды тараткандыгы үчүн 20 интернет сайт, социалдык тармактагы 98 аккаунт жана мобилдик мессенджерлердеги 26 тайпа жабылган.

IT-инженер Руслан Абишев: “Ага дайыма даяр болуу керек. Бирок киберчабуулдарга толук даяр болууга дайыма эле мүмкүн эмес. Санарип мейкиндикке байкоо жүргүзүү үчүн борборлорду түзүү керек. Билим алган адистер керек. Учурда алардын саны өлкөбүздө көп эмес. Таланттуу адистерди таап чыгып, аларды окууга, семинарларга жөнөтүү керек”, - дейт.

Бир маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо үчүн талдоо жүргүзүп, билимди арттырып, маалыматты (ишенимдүү) ар кыл булактардан алуу зарыл.

“Учурда фейк маалыматтарга байланыштуу көп чакырыктар бар. Мен адамдарга бир эле булакка таянбай, ар кыл булактарды окууга чакырам. Медиасабаттуулукка маани берүү керек. Элдин билимин көтөрүү кажет. Билим мене гана ал маселелерди чечүүгө болот”, - дейт старгетиялык коммуникациялар тармагынын эксперти Марк Пфайфл.

Жалган маалыматты кантип билүүгө болот?

“Маалымат өтө эле жакшы көрүнгөндө, бир нерсеге шектенүүгө болот. Тигил же бул маалымат кандай мүнөзгө ээ экенин билүү үчүн аны талдап чыгуу керек”, - деди ал.

Акыркы жылдары социалдык тармактар кеңири колдонулуп келет. Аны жалган маалыматтар тараткандар, деструктивдүү күчтөр колдонгонду үйрөндү.

“Көп нерсе жаштардан көз каранды. Алар социалдык тармактар түрүндөгү каражатты жакшы колдоно алат. Түрдүү булактардан ар кыл маалыматтарды алуу үчүн чет тилдерди үйрөнүү керек. ММКнын да бул багытта орду чоң болушу зарыл. Маселен, АКШда Fact Check (факттарды текшерүү) жакшы иштейт. Ошондой эле дагы бир маанилүү жагдай ММКнын ачыктыгы”, - дейт Пфайфл.

Анын айтымында, мектеп, окуу жай жана башка мекемелерден баштап билим берүүгө көңүл буруу зарыл. Жаштар окууну, жыйынык чыгарууну, ойлонууну, таразалоону, талдоону үйрөнүшү керек.

“Кыргызстанда иштеген маалымат агенттиктери бир топ активдүү деп ойлойм. Иш-аракетти токтотпош керек. Дагы бир жолу белгилеп кетейин, билимге көңүл буруп, эл, айрыкча жаштар арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек”, - деди ал.

Киберкоопсуздук, жалган маалыматтарды атайылап таратуу маселелери чыгууда. Алар боюнча талдоо жүргүзүү керек. Атайылап жайылтылган жалган маалыматтардын коомго боло турган зыянын алдын алып, маалыматтын ачык-айкындуулугун камсыз кылуу керек. Себеби, маалыматтардын ачык-айкын берилип турушу жалган маалыматтардын жайылышын алдын алат.

Пикир

Оставить комментарий