• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Жарандардын жүрүү эрежелери жөнүндө Кыргызстан менен Казакстандын ортосундагы келишимге өзгөртүүлөр каралды

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Жогорку Кеңештин бүгүнкү, 4-июндагы жыйынында депутаттар “2019-жылдын 12-июлунда Бишкек шаарында кол коюлган 2012-жылдын 11-майындагы Кыргыз Республикасынын Өкмөтү менен Казакстан Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймагында жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун тартиби жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу протоколду ратификациялоо жөнүндө” мыйзамдын долбоорун экинчи окуудан карады.

Протокол “Кыргыз Республикасынын өкмөтү менен Казакстан Республикасынын өкмөтүнүн ортосундагы Кыргыз Республикасынын жарандарынын Казакстан Республикасынын аймыгында болуусунун жана Казакстан Республикасынын жарандарынын Кыргыз Республикасынын аймагында болуусунун эрежелери жөнүндө 2012-жылдын 11-майындагы макулдашуусуна өзгөртүүлөрдү киргизүүнү, атап айтканда, 16 жашка толо элек балдар Кыргыз Республикасынын жарандарына жана Казакстан Республикасынын жарандыгына таандык экендигин көрсөткөн туулгандыгы тууралуу күбөлүктүн тиркемесин (фотосүрөтү менен) алардын негизинде Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын аймагына кирип –чыгуусу ишке ашырылган документтердин тизмесинен алып салууну карайт.

Мыйзам долбоору экинчи окууда добуш берүүгө жиберилди.

Пикир

Оставить комментарий