• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Алдыдагы ШКУ саммитинен эмнени күтүүгө болот?

Аналитика 0

Ушул аптада Шанхай кызматташтык уюмунун саммити өтөт. Бул мааракелик жыйын болуп, анын жүрүшүндө 20 жылдык кызматташтыктын жыйынтыгын талкуулоо пландалууда. Белгилей кетүүчү жагдай, өткөн жылкы жыйын коронавирус пандемиясына байланыштуу онлайн өткөн. Ошондой эле өткөн жылы талкуунун вектору артта калып, коронавирус пандемиясы, анын кесепеттери менен күрөшүү жана келечекке карата артыкчылыктар күн тартибине чыккан. Бул жылы бары ордуна келди, саммит классикалык форматта Тажикстанда өтөт. Эгерде алдыдагы күн тартиби жөнүндө сөз кыла турган болсок, эң курч маселе - Афганистандагы окуяларга байланыштуу аймактын коопсуздугу.

ШКУнун башкы катчысы Владимир Норов жай мезгилиндеги маегинде ШКУ үчүн мааракелик жылдын мааниси жана кайсы темалар эң актуалдуу болорун айткан. Анын айтымында, акыркы 20 жылда өлкөлөр үчүн коопсуздуктун негизги коркунучу эл аралык терроризмдин ишмердүүлүгүнөн келип чыккан.

“XXI кылымдын шартында биздин мамлекеттердин коопсуздугуна чакырыктар жана коркунучтар эл аралык террордук уюмдардан, анын ичинде “Ислам мамлекети”, “Аль-Каида” жана алардын “уктап жаткан ячейкаларынан” келип чыгат.

Биздин аймак куралдуу чыр-чатактардын негизги очокторуна жакын экенин эске алганда көйгөй дайыма ШКУнун көңүл борборунда болот. Мен коңшу Афганистанды, ошондой эле Сирия менен Иракты айтып жатам.

Ушундай шарттарда ШКУнун Аймактык терроризмге каршы структурасынын кеңешинин чечими менен бекитилген алдын алуу иш-чараларын ишке ашырууга өзгөчө көңүл бөлүнөт.

Өткөн жылы ШКУга мүчө мамлекеттердин тиешелүү органдарынын аракеттеринин аркасында даярдык стадиясында, анын ичинде активдүү алмашуунун натыйжасында, террористтик жана диний-экстремисттик мүнөздөгү 288 кылмыштын бети ачылган.

Биргелешкен аракеттерибиздин аркасында 78 жер астындагы террордук ячейкалардын ишмердүүлүгү басылып, 193 согушкер нейтралдаштырылган, дагы 1100 дөн ашык эл аралык террордук жана диний экстремисттик уюмдардын мүчөлөрү жана алардын шериктери кармалган”,-деди Норов.

Бул жылы ШКУга катышкандар арасында кезектеги командалык-штабдык машыгуу пландалган. Муну менен катар терроризм, сепаратизм жана экстремизмге каршы аракеттенүү алдыдагы саммиттин маанилүү бөлүгү болуп саналат. Ошондой эле ШКУнун алкагында баңгизатка каршы ведомстволор ортосундагы өз ара аракеттенүүнүн үч тепкичтүү механизми түзүлгөн. Жылына Евразия мейкиндигинде кармалган 40%га чейинки опийим тобундагы баңгизат мыйзамсыз жүгүртүүдөн алынат.

ШКУнун 2023-жылга чейинки баңгизаттарга каршы стратегиясын ишке ашыруу боюнча жаңы иш планынын долбоорун мамлекет башчыларынын кеңешинин кароосуна киргизүү үчүн жактырылышы терроризмге каршы ведомстволордун жетекчилеринин акыркы жолугушуусунун дагы бир маанилүү жыйынтыгы болду.

«Саясий планда Афганистандагы америкалык аскердик контингенттердин чыгарылышынын шартында абал кандай болору биринчи орунда турат. Азыр бул көйгөй уюмга мүчө мамлекеттер үчүн жаңы актуалдуулукка ээ болду. Афганистан – ШКУда байкоочу мамлекет, ШКУ – Афганистан Байланыш тобу иштеп жатат, анын жыйыны тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде июль айында ШКУнун министрлер кеңешинин сессиясы менен өтөт. Афганистанга карата бир багытта системалык мүнөздөгү чечимдерди иштеп чыгуу жана кабыл алуу зарыл, бирок бул тышкы иштер министрлеринин укугуна кирет”, - деп кошумчалаган Норов.

Алдыдагы саммиттин дагы бир маанилүү темасы экономика болот. Албетте, коронавирустук пандемиянын кесепеттери узак убакытка чейин сезилет, бирок ШКУга мүчө мамлекеттердин ортосундагы экономикалык мамилелерди эске алуу менен азыр кризистик абалдан чыгууга байланышкан аракеттерди баштоо керек. Норов маегинде соода-экономикалык кзматташтык ШКУнун күн тартибиндеги өз ара аракеттердин негизги багыттарынын бири экенин белгилеген.

“Экономиалык кызматташтыкта принципиалдуу жаңы деңгээлге чыгуу үчүн тийиштүү өбөлгөлөр түзүлгөн. Бул багытта сапаттуу бурулушту күтүүгө негиздер бар жана бир гана салттуу эмес, ошондой эле инновациялык тармактарда, мисалы, “жашыл энергетика”, санарип экономика жана башка жаатта жаңычылдыктарды күтүүгө болот.

ШКУ мейкиндиги – бул өз ара пайдалуу соода-экономикалык кызматташтыктын, экономиканын дээрлик бардык тармактарын камтыган биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруунун эбегейсиз рыногу. Уюмдун бардык өлкөлөрүнүн ИДПсы 2020-жылы дүйнөлүк көрсөткүчтүн 23% ын түздү, 2030-жылга карата дүйнөлүк ИДПнын 35-40% чейин өсүшү күтүлүүдө. ШКУ мамлекеттеринин тышкы соода жүгүртүүсү 6,3 трлн доллардан ашык сумманы туздү. Мүчө-өлкөлөрдүн өз ара соода жүгүртүүсүнүн көлөмү бул сумманын 5%ын гана түзөт. Бул учурдагы мүмкүнчүлүккө туура келбеген көрсөткүч”, - деген Норов.

Эгерде алдыдагы саммиттин артыкчылыктары тууралуу айта турган болсок, учурдагы каатчылыктын социалдык-экономикалык кесепеттерин жумшартууга жана жоюуга багытталган артыкчылыктуу чаралардын планын иштеп чыгуу жана кабыл алуу темасы көтөрүлөт.

Ошондой эле жакынкы жылдары ШКУ өлкөлөрүнүн транзиттик жана транспорттук потенциалын ишке ашырууга, транспортту санариптик трансформациялоого, жаңы унаа жана темир жолдорду курууга жана тоскоолдуксуз бирдиктүү системаны түзүүгө жана азык-түлүк жана дары-дармек жеткирүүнү кошкондо, товарлардын транзити үчүн "жашыл коридорлорго" өзгөчө басым жасалат.

Өткөн жылга байланыштуу Норов пандемия учурунда ШКУга мүчө мамлекеттер өздөрүнүн тилектештигин жана зарыл болгон учурда бири-бирине жардамга келүүгө даярдыгын көрсөткөнүн белгиледи. Ошондой болсо да, коронавирус коркуну дагы деле бар жана саламаттык сактоо уюмдарына катуу сокку урууда. Натыйжалуу күрөшүү үчүн ШКУга мүчө бир катар мамлекеттерде вакцина чыгаруу башталды.

«Зарыл болгон ченемдик укуктук актылар кабыл алынып, саламаттыкты сактоо министрлеринин жолугушуусу жана санитардык-эпидемиологиялык бакубаттуулукту камсыз кылууга жооптуу ШКУга мүчө мамлекеттердин кызмат жетекчилеринин жолугушуусу сыяктуу адистештирилген кызматташтык механизмдери түзүлдү. Ведомстволор аралык деңгээлде жолугушуулар үзгүлтүксүз өткөрүлүп турат, пандемияга каршы күрөшүү боюнча конкреттүү сунуштар макулдашылган жана иштелип чыккан, андан кийин алар ШКУнун жогорку органдарынын күн тартибине киргизилет”,- деп белгилеген Норов.

Муну менен катар Норов Душанбеде өтө турган саммит тарыхый масштабдагы окуя болорун, анын жүрүшүндө өлкө башчылары тарабынан уюмдун 20 жылдык ишинин жыйынтыгы чыгарыларын белгилеген.

“Кабар” МАБ

Пикир

Оставить комментарий