• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте коронавирустан айыккандардын жалпы саны 300 адамга жетти

Коом 0

Бишкек, 04.06.20. /Кабар/. Бишкек шаарында коронавирустан айыккандардын жалпы саны 300 адамга жетти. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында Бишкек шаарынын вице-мэри Татьяна Кузнецова билдирди.

Анын айтымында, шаарда 4-июнга карата коронавирус жуктурган 499 учур катталды. Алардын 77си сырттан келген, 422си жергиликтүү жарандардан аныкталган. Медициналык көзөмөлдө 155 адам болууда.

“Коронавирустан айыккандардын саны жогорулаганына карабастан илдетти жуктуруп алуу коркунучу сакталууда. Эгер дене табы көтөрүлүп, жөтөл, жыт жана даамдын жоголушу, дене ооруп жатса үйдө болуп, 118 кыска номерине чалыңыздар. Жарандарды үйдө отуруп, өзүн-өзү дарыланууну токтотууга чакырабыз. Медиктер анализ алмайынча көчөгө чыкпоо керек. Коомдук жайларда аралыкты сактап, колду бат-баттан жууп, беткап, антисептик менен колдонуңуздар”, - дейт ал.

Кузнецова кошумчалагандай, санитардык талаптарды сактабаган бирөөнү көрүп-билип калсаңыздар 1840, 1850 кыска номерине кайрылуу керек.

Пикир

Оставить комментарий