• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

7-февралга карата аба ырайы тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 06.02.18. /Кабар/. Эртең, 7-февралда түнкүсүн Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын көпчүлүк аймактарында, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда кар жаайт. Кыргызгидрометтин маалыматы боюнча, күндүз кар айрым жерлерде жаайт. Жолдор тоңголок, тайгак болот. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, Ыссык-Көл акваториясында 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -10...-15, күндүз -3...-8;

Талас облусунда түнкүсүн -11...-16, күндүз -3...-8;

Баткен облусунда түнкүсүн -5...-10, күндүз -2...+3;

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн -4...-9, күндүз -2...+3;

Ысык-Көл облусунда түнкүсүн -8...-13, күндүз 0...-5;

Нарын облусунда түнкүсүн -18...-23, күндүз -10...-15;

Эртең, ​Бишкекте түнкүсүн бир аз кар жаашы мүмкүн, бирок күндүзү жаабайт. Абанын температурасы түнкү -10…-12°, күндүзү -6…-8°.

Пикир

Оставить комментарий