• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жыл башынан бери бажы органдарында 1,2 миң аткезчилик факты аныкталды

Коом 0

Бишкек, 12.04.23. /Кабар/. Жыл башынан бери бажы органдарында 1,2 миң аткезчилик фактысы аныкталды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Мамлекеттик бажы кызматынын төрагасынын орун басары Алмаз Салиев билдирди.

"Анын ичинен 1 миң 123 фактысы боюнча өлкө бюджетине 8,2 млн сом чегерилген. Мындан тышкары, жалпы укук бузуу фактылары боюнча 72,2 млн сом өндүрүлүп, бюджетке түшүүлөр 2022- жылга салыштырмалуу 160%га өскөн”, - деди ал.

Салиев белгилегендей, кылмыш иштери боюнча 77 факты укук коргоо органдарына өткөрүлүп берилген, иш каралгандан кийин бюджетке 66,1 млн сом чегерилген, бул өткөн жылга салыштырмалуу 36,6 млн сомго көп.

Пикир

Оставить комментарий