• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Кыргызстандын Чек ара кызматы тажик тарапты чек арадагы абал боюнча туура эмес маалымат таратпоого чакырат

Коом 0

Бишкек, 27.05.20. /Кабар/. Тажикстандын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Чек ара аскерлеринин маалыматы борборуна шилтеме келтирилип ММКларда таратылып жаткан "Кыргызстандын жараны Тажикстандын жаранына куралдан ок атты" делген маалымат алдын ала маалыматтар боюнча чындыкка дал келбейт. Бул тууралуу Мамлекеттик чек ара кызматынан билдиришти.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, бүгүн, 27-май күнү Баткен облусунун Баткен районунун Жака-Өрүк жергесинде жагдайды билүү үчүн Баткен жана Исфара (Тажикстан) боюнча чек ара өкүлдөрүнүн жолугушуусу болуп өттү. Анда Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрү чек ара аймагында мыйзам бузуулар менен чырларды болтурбоо жана алдын алуу чараларын талкуулашкан. Жолугушууга катышкандар аталган маалымат боюнча объективдүү териштирүү жүргүзүүгө кызыкдар экенин билдиришкен.

"Бардык жагдайларды аныктоо үчүн аталган факт боюнча эки мамлекеттин укук коргоо органдары тарабынан иликтөө башталды. Мамлекеттик чек ара кызматы тажик тарапты ММКларда туура эмес маалыматтарды таратпоого жана чек арада болгон окуяларды объективдүү түрдө баалоого чакырат", - деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматы белгилегендей, учурда кыргыз-тажик чек арасындагы абал туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий