• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Казакстанда бир район толугу менен карантинге жабылды

ММК БА ТУУРАЛУУ 0

Бишкек, 28.05.20. /Кабар/. Батыш Казакстан облусунун Сырым районундагы Жымпиты айылында төрт тургундан коронавирус табылгандан кийин район толугу менен карантинге жабылды.

Облустун башкы санитардык дарыгери Мухамгали Арыспаевдин айтымында, алгач вирусту айылдын жашоочуларынын бири Орол шаарына барганда жуктуруп алган. Кайтып келгенден кийин илдет анын эки жакын тууганына жана райондук оорукананын бир кызматкерине жуккан.

Батыш Казакстан облусунда карантин 30-мартта киргизилип, 12-майдан тартып чектөөлөр акырындык менен алына баштаган. Бирок илдет жуктургандар көбөйүп жаткандыктан, өткөн жумада карантин режими 15-июнга чейин узартылган.

Учурда облуста 472 адамдын коронавирус жуктуруп алганы аныкталды. Жалпы өлкө боюнча бул илдетке чалдыккандардын саны 9304кө жетип, 37 бейтап каза болду.

Пикир

Оставить комментарий