• 88.68
  • 95
  • 0.95

ЭКМ "Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө" мыйзам долбооруна толуктоо киргизүүгө комментарий берди

Коом 0


Бишкек, 24.08.23./Кабар/. "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Экономика жана коммерциялык министрлигинин Ишкердик чөйрө саясаты башкармалыгынын башчысы Муса Катаганов “Креативдүү индустриялар паркы жөнүндө” мыйзам долбооруна киргизилген өзгөртүүлөр боюнча комментарий берди.

Эскерте кетсек, мыйзам долбоору 2023-жылы 9-августта коомдук талкууга чыгарылган. Жарыялангандан кийин социалдык тармактарда жана ЖМКларда мыйзам долбоорун чакыртып алууну сурана башташкан. Киргизилип жаткан өзгөртүүдө коомчулукту төмөнкү учурлар оңтойсуздандырып жаткан:

- КР министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловду Байкоочу кеңештин курамына киргизүү;

- бул органга резидентура статусун алууга арыз берген ар бир талапкер үчүн ишмердиктин түрүнүн чыгармачылыгын жекече аныктоо укугун берүү аркылуу Байкоочу кеңештин ыйгарым укуктарын кеңейтүү.

Катаганов Байкоочу кеңештин курамына министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловдун киргизилиши абдан туура деп эсептейт.

"Эдил Байсалов жетектеген социалдык блокко кирген маданият тармагына көп жагынан чыгармачыл тармак тигил же бул жактан таасирин тийгизет. Бирок мыйзамга ылайык, парктын Байкоочу кеңешинин курамына министрлер кабинетинен эки өкүл жана жеке сектордон беш мүчө (чыгармачыл бизнес чөйрөлөрүнүн коомдук бирикмелери) кирет, бул чыгармачыл индустрияны өнүктүрүү боюнча маанилүү чечимдерди кабыл алууда министрлер кабинетинин Жогорку Кеңешке толук ишенимин көрсөтүп турат. Кеңеш жамааттык орган жана андагы бардык чечимдер көпчүлүк тарабынан кабыл алынат, бул жагынан мен эч кандай көйгөйдү көрбөй турам", - деди ал.

Ошону менен катар Катаганов белгилегендей, Байкоочу кеңештин мүчөлөрү ыйгарым укуктарын кеңейтүүдө салык жана башка милдеттүү төлөмдөрдү төлөөдөн качуу үчүн парктын резиденттигине талапкерлигин көрсөткөн ар бир талапкердин арызын кылдаттык менен карап чыгышат.

Белгилей кетсек, парктын резиденттери үчүн артыкчылыктар бар. Атап айтканда, киреше салыгы, КНС жана Сатуу салгынын ордуна парктын резиденттери киреше салыгын төлөйт алар (0,5% 2023 – 2024 жылы, 1% 2025 жана 2026 -жылы, 2% - 2027-жылдан ары). Парктын резиденттери, анын ичинде резиденттердин жумушчулары орточо айлык эмгек акынын 12% өлчөмүндө камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөшөт.

Жыйынтыгында Муса Катаганов бул мыйзам актыларына сунушталып жаткан өзгөртүүлөр паркка өз алдынча, объективдүү, калыс чечим кабыл алууга шарт түзөрүн баса белгиледи.

"Мындан тышкары, толуктоолор кабыл алына элек, эгер алар четке кагылса, мыйзам долбоору кайра чакыртып алынат", - деп жыйынтыктады ал.

Пикир

Оставить комментарий