• 88.68
  • 95
  • 0.95

Нурланбек Шакиев Европа парламентинин делегациясы менен жолугушту

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.08.23. /Кабар/. Бүгүн, 24-августта Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев Европа парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер баштаган делегация менен жолугушту.

Парламенттен билдиришкендей, жолугушууда Кыргызстан менен Европа өлкөлөрүнүн ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүү, парламенттер аралык байланышты бекемдөө маселелери талкууланды.

Төрага Нурланбек Шакиев мындай жолугушуулар эки тараптуу алакаларды арттырууга өбөлгө түзөрүн белгилеп: “Кыргызстан Европа Биримдиги менен калыптанган өнөктөштүктү өнүктүрүүгө дайыма кызыкдар. Айрыкча парламенттер ортосундагы байланыштарды кеңейтип, Европа Парламенти менен жигердүү кызматташууну көздөйбүз”, – деди.

Муну менен катар Парламенттер аралык кызматташтык комитетинин быйылкы жыйыны декабрь айында Бишкекте өтөрүн эске салган Төрага аталган иш-чара Кыргызстан үчүн маанилүү экенине токтолду.

“Демократиялык, саясий жана социалдык-экономикалык реформаларды үзгүлтүксүз улантууну көздөгөн өлкө катары биз бардык тараптар, анын ичинен Европа мамлекеттери менен тыгыз кызматташа беребиз. Анткени, ачык жана конструктивдүү диалог гана өнөктөштүктү бекемдөөгө көмөкчү болот”, – деди Нурланбек Шакиев.

Өз кезегинде Европа Парламентинин Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасы Дэвид Макаллистер иш сапарынын негизги максаты тууралуу сөз кылып, Европа Парламентинин 2029-жылга чейинки Өнүгүү стратегиясында Борбор Азия мамлекеттери менен кызматташтыкты кеңейтүүгө өзгөчө басым жасалганын эске салды.

“Кыргызстан биз үчүн өзгөчө өлкө. Демократиялык багыттагы жетишкендиктери башка мамлекеттерге салыштырмалуу өтө арбын. Андыктан, Европа Парламенти Кыргызстан менен калыптанган мамилени өнүктүрүүгө ар дайым кызыкдар”,– деди Дэвид Макаллистер.

Андан тышкары, жолугушууда адам укугун коргоо, сөз эркиндигин сактоо жана аймактык коопсуздукту бекемдөө жаатындагы маселелер талкууланды.

Пикир

Оставить комментарий