• 88.68
  • 95
  • 0.95

Катуу шамалдын кесепеттери. Келтирилген зыяндын жалпы суммасы 40,3 млн сомду түздү – ӨКМ

Коом 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин калкты жана аймактарды коргоо башкармалыгынын башчысынын орун басары Абдыманап Гүлжигитов "Биринчи радионун" эфиринде катуу шамалдын кесепеттери жана келтирилген зыян тууралуу айтып берди.

Анын маалыматына караганда, катуу шамалдын кесепетинен улам республика боюнча жалпы 289 объект жабыркаган.

Анын ичинде:

  • 144 турак-жай,
  • 115 социалдык объектилер,
  • 30 айыл чарба имараттары,
  • 144 дарак,
  • 13 унаа.

Аймактар боюнча:

  • Чүй облусунда 183 объект бузулган: 87 турак жай, 76 социалдык объект, 20 айыл чарба имараты;
  • Бишкек шаарында 101 объект жабыркаган: 54 турак жай, 37 социалдык объект, 10 айыл чарба имараты;
  • Талас облусунда 3 турак жай жана 2 социалдык объект бузулган

Гүлжигитов белгилегендей, республика боюнча жалпы чыгым 40 миллион 317 миң сомду түздү.

Анын ичинен Бишкек шаары — 16 миллион 700 миң сом, Чүй облусу — 23 миллион 516 миң сом.

"Ыкчам иштер аяктап, Чүй облусунда 3-апрелде, Бишкек шаарында 4-апрелде өзгөчө кырдаал режими алынган", - деди ал.

Эске салсак, 28-март күнү саат 16:30дар чамасында Бишкекте ылдамдыгы секундасына 17-22, айрым жерлерде секундасына 28 метрге жеткен кату шамал катталган.

Пикир

Оставить комментарий