• 88.68
  • 95
  • 0.95

Азербайжандын ТИМ башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келет

Саясат 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. Азербайжандын тышкы иштер министри Жейхун Байрамов Кыргызстанга расмий сапары менен келет, деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

Жейхун Байрамов кыргызстандык кесиптеши Жээнбек Кулубаевдин чакыруусу менен 2024-жылдын 8-9-апрелинде келет.

Сапардын жүрүшүндө эки өлкөнүн тышкы саясий ведомстволорунун башчыларынын сүйлөшүүлөрү болуп, анын алкагында кыргыз-азербайжан кызматташтыгынын эки тараптуу маселелеринин кеңири спектри талкууланат.

Пикир

Оставить комментарий