• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте спорттук күрөш боюнча Азия чемпионаты өтөт

Спорт 0

Бишкек, 08.04.24. /Кабар/. 11-16-апрель аралыгында Бишкек шаарында спорттук күрөш (эркин күрөш, грек-рим күрөшү жана кыз-келиндер күрөшү) боюнча Азия чемпионаты өтөт. Бул тууралуу "Кабар" агенттигинде өткөн маалымат жыйынында КР Күрөш федерациясынын президенти Мелис Турганбаев билдирди.

Анын айтымында, азыркы учурда чемпионатка катышуу үчүн Азиянын 30дан ашык мамлекети билдирүү берди.

"Чемпионатка Кыргызстандан Акжол Махмудов, Жоламан Шаршенбеков, Айсулуу Тыныбекова, Айпери Медет кызы, Тайырбек Жумашбек уулу жана Алмазбек Сманбеков сыяктуу атактуу балбандар катышат", — деди ал.

Турганбаев учурда спортчулардын даярдыгы жакшы экенин, алар Ысык-Көлдө жана Россияда атайын машыгуулардан өтүп келишкенин кошумчалады.

Белгилей кетсек, спорттук иш-чараны өткөрүүгө мамлекет тарабынан 16 млн сом бөлүнгөн.

Пикир

Оставить комментарий