• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте КРнын БУУга киришинин 30 жылдыгына арналган тегерек стол өткөрүлдү

Саясат 0

Бишкек, 02.03.22. /Кабар/. Бишкекте Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмуна (БУУ) киришинин 30 жылдыгына арналган тематикалык тегерек стол өткөрүлдү, - деп билдирет КР ТИМдин басма сөз кызматы.

1992-жылдын 2-мартында Кыргызстан БУУнун Башкы Ассамблеясынын 46-сессиясынын чечими менен Бириккен Улуттар Уюмунун толук кандуу мүчөсү болуп бир добуштан кабыл алынган. Бул тарыхый окуяны белгилөө үчүн КРнын тышкы иштер министрлиги менен К. Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия БУУнун Кыргызстандагы Өлкөлүк командасынын колдоосу менен КРнын Бириккен Улуттар Уюмуна киришинин 30 жылдыгына арналган тематикалык тегерек стол өткөрүштү.

Иш-чарага Тышкы иштер министрлигинин жетекчилиги, президенттин администрациясынын өкүлдөрү, БУУнун Кыргызстандагы агенттиктеринин жана программаларынын жетекчилери, илимий чөйрөнүн өкүлдөрү жана өлкөнүн дипломатиялык кызматынын ардагерлери катышты.

Иш-чарада сөз сүйлөгөн тышкы иштер министринин биринчи орун басары Нуран Ниязалиев КРнын БУУдагы 30 жылдык ишмердигине сереп салып, өлкөнүн Тынчтыкты сактоо уюмунун ишмердүүлүгүнө, элдердин ортосундагы кызматташтыкты өнүктүрүүгө, өнүгүү көйгөйлөрүн чечүүгө, адам укуктарын, маданий кызматташтыкты, айлана чөйрөнү коргоого, оорулар менен күрөшүүгө, адамзаттын көптөгөн башка чакырыктарын жана көйгөйлөрүн чечүүгө кошкон салымын белгиледи.

Дипломатиялык кызматтын ардагерлери, Кыргызстандын БУУдагы мурдагы туруктуу өкүлдөрү, Дипломатиялык академиянын Эл аралык мамилелерди талдоо борборунун директору – КР мурдагы тышкы иштер министри Мурат Иманалиев жана Кыргыз ССРинин мурдагы тышкы иштер министри Жаңыл Түмөнбаева Кыргызстандын БУУга кирүүсүнүн негизги маанисин өлкөнүн көз карандысыздыгы жана эгемендүүлүгү дүйнөлүк коомчулуктун мүчөлөрү тарабынан таанылышынын ырастоосу катары белгилештии. Өз кезегинде БУУ тутумунун Кыргыз Республикасындагы Туруктуу координатору О. Ожиело БУУнун Кыргызстандагы Өлкөлүк тобунун иши жана Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүн камсыз кылуу үчүн бекем негиз катары өз ара аракеттенүүнүн келечектеги багыттары жөнүндө маалымат берди.

Мындан тышкары, тегерек столдун катышуучулары 30 жыл ичинде жетишилген ийгиликтерди кеңири талкуулашты, ошондой эле КРнын БУУга мындан аркы катышуусу боюнча идеяларды жана көз караштарды айтышты.

Пикир

Оставить комментарий