• 88.67
  • 95.49
  • 0.96

Кыргызстандын COVID-19га каршы эмдөө сертификаты 14 өлкөдө таанылды

COVID - 19 0

Бишкек, 02.03.22./Кабар/. Кыргызстандын COVID-19га каршы эмдөө сертификаты 14 өлкөдө таанылды. Бул тууралуу коронавируска каршы Республикалык штаб билдирет.

Ошол эле учурда, бул мамлекеттерде, ошондой эле башка чет мамлекеттерде өлкөгө кирүүдө жана ал жерде болууда, ички эрежелер (COVID-19 коронавирустук инфекциясынын жайылышына байланышкан эпидемиологиялык абалга байланыштуу милдеттүү ПЦР-тест тапшыруу, карантиндик чаралар жана кирүүгө убактылуу тыюу салуу) колдонулушу мүмкүн экендигин баса белгилейбиз.

"Буга байланыштуу кайсы бир чет мамлекетке чыгып жатканда, ал мамлекетке кирүү жана ал жерде болуу эрежелери менен сөзсүз таанышууну сунушталат”, “эмдөө тууралуу сертификатын таануу кайсы бир өлкөгө кирүү үчүн толук кепилдик болуп бербейт”

Өлкөлөрдүн тизмеси:

1. Индия
2. Ирак
3. Түркмөнстан
4. Түркия
5. Грузия
6. Казакстан
7. Армения
8. Беларусь Республикасы
9. Монголия
10. Парагвай (кошумча ПЧР-тести талап кылынат)
11. Нидерланды
12. Бельгия Королдугу
13. Иран
14. Катар

Пикир

Оставить комментарий