• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Кыргызстанда коронавирустан 5 миң 533 киши дарыланып жатат

COVID - 19 0

Бишкек, 31.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда коронавирустан (пневмонияны эсепке алганда) 5 миң 533 киши дарыланып жатат. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Штабдан билдиришкендей, ооруканаларда 715 жана үй шартында 4 миң 818 адам дарыланууда.

Бүгүнкү күнгө карата Кыргызстанда коронавирус (пневмонияны эсепке алганда) жуктурган 78 жаңы учур катталды. Учурда Кыргызстанда коронавирус жуктурган учурлардын саны 43 миң 898ди түзөт. Алардын ичинен 38 миң 459 киши айыгып чыкты, 1 миң 59 адам каза болду.

Пикир

Оставить комментарий