• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Бишкекте жаңы жылдык жарманкелер ачылды

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Бишкек шаарында жаңы жылдык жарманкелер башталды. Бул тууралуу муниципалитеттин басма сөз кызматы билдирет.

"Жарманкелерде жаңы жылдык белектерди, айыл чарба азыктарын жана башка көптөгөн нерселерди сатып алып, майрамдык концертке күбө боло аласыздар", - деп айтылат маалыматта.

Свердлов жана Биринчи май райондорунун биргелешкен жарманкеси 21-декабрдан 31-декабрга чейин саат 11:00дөн 16:00гө чейин Чүй проспектиси менен Эркиндик бульварынын кесилишинде өтөт.

Октябрь районунда 21-декабрдан 26-декабрга чейин саат 15:00дөн 18:00гө чейин Ынтымак-2 сейил багында болот.

Пикир

Оставить комментарий