• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Энергетика министри: Жаңы ачылган колл-борбор керектөөчүлөрдү ыкчам тейлөөгө шарт түзөт

Коом 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. "Жаңы ачылган колл-борбор керектөөчүлөрдү ыкчам тейлөөгө шарт түзөт", - деди Энергетика министри Доскул Бекмурзаев Чүй, Талас облустарындагы жана Бишкек шаарындагы керектөөчүлөрдүн кайрылууларын кабыл ала турган колл-борбордун ачылышында.

Аталган колл-борбор абоненттерден келген чалууларды, кайрылууларды жана даттанууларды кабыл алууну жакшыртуу жана аны иштеп чыгуу, талдоо жана көзөмөлдөө, ошондой эле жүргүзүлүп жаткан иштерди оптималдаштыруу максатында ачылды.

Энергетика министри борбор электр энергиясын керектөөчүлөрдү тейлөөнүн сапатын жогорулатарын белгиледи.

"Биздин - энергетиктердин башкы максаты: калкка электр энергиясын үзгүлтүксүз берүү. Ушул чоң милдетти эске алганда, жаңы ачылган колл-борбор керектөөчүлөрдү ыкчам тейлөөгө шарт түзөт. Мына ушул жактан "Түндүк электр" ААКтын абоненттери электр жарыгынын өчүшүнүн себептери тууралуу маалымат алып, өздөрүнүн көйгөйүн айтып же кеңеш ала алышат" - деди Бекмурзаев.

Эскерте кетсек, буга чейин колл-борборду аутсорсинг компаниясы тейлечү. Эми райондук электр тармактарынын суроо-талап бөлүмүнүн адистери жана диспетчерлери 12 оператор иштейт, алар керектөөчүлөр менен тез жана натыйжалуу иш жүргүзөт. Операторлор абоненттердин телефон чалууларын күнү-түнү көп каналдуу телефон аркылуу кабыл алат.

Пикир

Оставить комментарий