• 88.81
  • 95.39
  • 0.96

Жогорку сот Батукаевдин ишин кароону кийинкиге жылдырды. Атамбаев камакта калды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.12.21. /Кабар/. Жогорку сот 22-декабрда кримтөбөл Азиз Батукаевди абактан мыйзамсыз бошотуу боюнча кылмыш ишин кароону кийинкиге жылдырды.

Соттун басма сөз кызматы билдиргендей, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин ишин кароо 2022-жылдын 17-январына жылдырылды.

Эскерте кетсек, буга чейин Биринчи май райондук соту тарабынан Атамбаев 11,2 жылга эркинен ажыратылган. Ал эми Бишкек шаардык соту райондук соттун чечимин күчүндө калтырган. Бирок Жогорку сот эки инстациянын чечимин жокко чыгарып, ишти кайрадан Биринчи май райондук сотуна жиберди.

Пикир

Оставить комментарий