• 88.68
  • 95
  • 0.95

Баткенде ири өлчөмдөгү баңгизат менен афганистандык колго түштү

Укук тартиби 0

Бишкек, 13.06.22. /Кабар/. Баңгизаттарды жеткирүү каналын уюштурууга тиешеси бар Афганистандын 42 жаштагы М.И.К., аттуу жараны кармалды. Бул тууралуу ИИМдин Баңгизаттарды мыйзамсыз жүгүртүүгө каршы күрөшүү кызматынан билдиришти.

Шектүүдөн өзгөчө ири өлчөмдө афган тектүү баңгизаттар табылып алынган. Тактап айтканда, 6 кг 942 гр героин жана 9 кг 550 гр гашиш. Кармалган адам бул баңгизаттарды Россияга, андан ары Европа өлкөлөрүнө ташуу жана сатуу үчүн Кыргызстандын аймагына кирүүнү пландаштырган.

Аталган факт боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 282-беренеси (“Баңгизат каражаттарын, психотроптук заттарды жана алардын аналогдорун сатып өткөрүү максатында мыйзамсыз даярдоо”) боюнча сотко чейинки териштирүү башталды.

Кармалган адам Баткендин Кадамжай райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, анын өздүгүн тактоодо деструктивдүү диний агымды жактаган адам экендиги аныкталган.

Учурда тергөө иштери уланууда.

Пикир

Оставить комментарий