• 88.68
  • 95
  • 0.95

Кантта чиновниктер мамлекетке 52,4 млн сом зыян келтирген

Укук тартиби 0

Бишкек, 15.12.22. /Кабар/. Кант шаарында мамлекетке 52,4 млн сом зыян келтирилген факты боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу Башкы прокуратурадан билдиришти.

Маалыматка ылайык, Ысык-Ата райондук прокуратурасы тарабынан Кант шаарынын мэриясында бюджеттик мыйзамдарынын аткарылышы жана сакталышы боюнча текшерүү жүргүзүлгөн.

Текшерүүдө, мамлекеттик органдардын жана коммерциялык уюмдардын кызмат адамдарынын атайылап жасалган коррупциялык аракеттеринин натыйжасында Кант шаарындагы суу менен камсыздоо, канализация комплексин ижарага берүү келишимин түзүүдө жана реабилитациялоо долбоорун ишке ашырууда мамлекеттин эсебине жалпысынан 52 млн 420 миң 637,73 сом өлчөмүндөгү өзгөчө ири зыян келтирилгендиги аныкталган.

Текшерүүнүн жыйынтыгы менен прокуратура тарабынан жогоруда көрсөтүлгөн фактылар боюнча КР Кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (“Коррупция”) менен кылмыш иши козголуп, иликтөө иштери башталды.

Пикир

Оставить комментарий