• 88.68
  • 95
  • 0.95

Бишкекте өз өлкөсүндө оор кылмыш үчүн издөөдө жүргөн өзбекстандык жаран кармалды

Укук тартиби 0

Бишкек, 22.04.22. /Кабар/. Бишкекте оор кылмышты жасагандыгы үчүн издөө жүргөн коңшу өлкөнүн жараны кармалды, - деп билдирет Ички иштер министрлигинин басма сөз кызматы.

Маалыматта айтылгандай, Өзбекстандын 1999-жылы туулган Б.С., аттуу жараны мамлекеттер аралык издөөдө жүргөн. 2022-жылы Өзбекстандын Фергана облусунун ички иштер башкармалыгы Өзбекстандын Кылмыш-жаза кодексинин 97-беренесинин 1-бөлүмү ("Атайылап өлтүрүү") боюнча ага издөө жарыялаган.

Алынган маалымат боюнча, 2020-жылдын февралында пикир келишпестиктен улам жергиликтүү тургунга бычак сайып, анын натыйжасында жабырлануучу алган жаракатынан улам каза болгон.

Шектүү оор кылмыш ишин жасагандан кийин изин жашырып, Кыргызстандын аймагына качып кеткен. ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын кызматкерлери Чүй облусунун аймагында ыкчам-иликтөө иш-чараларын жүргүзүп, Өзбекстандын жаранын кармашты.

Кармалган жаран Бишкек шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Пикир

Оставить комментарий